Редакцияот 06.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

25 –чакырылышынын 4- кезектеги сессиясы

2019-жылдын 6-августу №34

Кара-Арча орто мектебине ыссык тамак үчүн ашкана куруу жөнүндө

Кара-Арча орто мектебинин директору Ж.Мураталиеванын кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Арча орто мектебинин директору Ж.Мураталиеванын кайрылуусу канаттандырылсын.

2. Мерсико уюму тарабынан келишимдин негизинде Кара-Арча орто мектебине ыссык тамак үчүн ашканага жабдууларды - 203 735 сомго алып берүү жагы макулдашылган,4-бөлмөлүү ашкана куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.

3. КЭБнун башчысына (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.

 

Төрага

М.Садыков