Редакцияот 06.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

25 –чакырылышынын 4- кезектеги сессиясы

2019-жылдын 6-августу №40

Бала-Саруу айылындагы таза суунун төлөмүнүн тарифин бекитүү жөнүндө

Бала-Саруу ИСКАКБнын төрагасы А.Э.Туралыковдун кайрылуусун жана Бала-Саруу айылынын тургундарынын 2019-жылдын 10-мартында өкөрүлгөн жалпы элдик чогулуштун протоколун айылдык кенеш талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бала-Саруу ИСКАКБнын төрагасы А.Э.Туралыковдун кайрылуусу канаттандырылсын.

2. Бала-Саруу айылынын тургундарынын 2019-жылдын 10-мартында өкөрүлгөн жалпы элдик чогулуштун протоколунун негизинде төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

- ичүүчү суу үчүн төлөм ар бир жанга - 15 сом

- үй ичине киргизген үй-бүлөлөргө ар бир айга-100 сом

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.

 

Төрага

М.Садыков