Редакцияот 10.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ХХVII-чакырылышынын 26-сессиясы

2019-жылдын 10-июлу №1

"Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Таштак жана Көп-Там участкаларына айыл статусун берүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомостволор аралык комиссиясынын иши жөнүндөгү Жобонун негизинде айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж Суярованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеӊешинин ХХVII-чакырылышынын 26-сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Таштак жана Көп-Там участкаларынын жалпы тургундарынын жалпы элдик жыйналышынын протоколу бекитилсин.

2. Таштак участкасынын чек арасы төмөндөгүдөй болуп аныкталсын Таштак участкасынын чек арасы Ош-Бишкек жолунун төмөн жагы Таштак участкасынын тургуну Сатымкулов Абдрахмандын үйүнөн Саидов Рахматилланин үйүнө чейин, Ош-Бишкек жолунун жогору жагы Сатыбалдиев Абдималиктин үйүнөн Немат уулу Жайнактын үйүнө чейинки аралыктагы үйлөр.

3. Көп-Там участкасынын чек арасы Ош-Бишкек жолунун төмөн жагы Масиркулов Ырыскулдун үйүнөн баштап № 16-Ж Турусбеков мектебине чейинки аралыктагы үйлөр кирет (Дружба каналынын жогору жагындагы үйлөр толугу менен). Ош-Бишкек жолунун жогору жагы МАКС АЗСтин артындагы үйлөр Стамбаева Сапаргүлдөн баштап Байжигитов Максаттын (Ахмедов Сапардын багына чейин) үйүнө чейин.

3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, райондук мамлекеттик администрациясына тапшыруу жагы Ж Суяровага жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Стамбаев