Редакцияот 03.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айылдык кеӊешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясы

 

2019-жылдын 03-июну №116

Үч-Терек айылына курулган спорттук кичи футбол Аянтчасынын иштөө тарифтерин бекитүү жөнүндө

Үч-Терек айылына жаңы курулган спорттук кичи футбол аянтчасынын келечектеги килемчесин, башка материалдарынын сакталышын жана оңдоо түзөө иштерин жүргүзүүнү эске алып,футбол аянтчага келип ойноо үчүн төлөнүүчү акынын тарифтерин бекитүү боюнча маалыматты угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз ХХVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Терек айылына курулган спорттук кичи футбол аянтчасына келип ойноо үчүн төлөнүүчү акы Үч-Терек айылынын тургундарына саатына 200 (эки жүз) сом, сырттан келген тургундарга саатына 400(төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Спорттук кичи футбол аянтчасынын иштеринежооптуу адамдын тарифтик негизинде иш алып баруусуна көзөмөл жүргүзүп туруу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн орун басары А.Байсабаевге милдеттендирилсин.

3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кеңештин төрагасы:

А.Акаев.