Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-июну №118
Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2019-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2019-жылга карата иш планын бекитип берүү жөнүндөгү Үч-Терек айылдык жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2019-жылга карата иш планы бекитилсин.(Иш план тиркелет)
2. Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2019-жылга карата иш планын ишке ашырууну камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык комиссиясынын төрагасы Т.Оморовго тапшырылсын.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңештин төрагасы: | А.Акаев. |
2019-жылдын 03-июнундагы Үч-Терек айылдык
кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз
ХХVI -сессиясынын №118 токтомуна 1- тиркеме
Кыргыз РеспубликаСЫ, Жалалабад облУсУ
Токтогул районУ, Уч-Терек айыл аймаГЫ
ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ПЛАНЫ
2019-ЖЫЛ
Үч-Терек айылы
2019-ж.
МАЗМУНУ
1. КИРИШҮҮ 54
2. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ 54
2.1. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнүндө кыскача маалымат 54
2.2. А/А боюнча жайыттардын кыскача мүнөздөмөсү жана инфраструктурасы 55
3. МАЛДАРДЫН САНЫ, АЛАРДЫН ЖАЙЫТКА ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРГА БОЛГОН МУКТАЖДЫГЫ 56
3.1. Быйылкы жылга шарттуу малдын башы 59
3.2. Быйылкы жылга жайыт жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждык 59
4. БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЙЫТ ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРДЫН КӨЛӨМҮ ЖАНА ТОЮТ БАЛАНСЫ 60
4.1. Жайыттардагы жана мал жайылуучу участоктордогу тоюттун көлөмү 60
4.2. Даярдалуучу тоюттун көлөмү 63
4.3. Тоют балансы 63
5. ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ПЛАНЫ 65
5.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планы 65
5.2. Мал жайуунун жылдык календардык планы 67
5.3. Жылдык иш-чаралар графиги (ЖКнын операциондук планы) 69
5.4. Малдардын ден соолугун коргоо боюнча планы жана эпизотикалык абалы 70
5.5. Жайыттарды жакшыртуу жана өнүктүрүүнүн иш-чаралары 71
5.6. ЖКнын бюджети 72
6. ЖПБ/ЖКнын ИЧКИ ЭРЕЖЕЛЕРИ 74
7. МАЛ ЖАЙУУ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК Ошибка! Закладка не определена.
8. ТИРКЕМЕЛЕР 74
ШАРТТУУ КЫСКАРТУУЛАР
АА | Айыл аймагы |
АӨ | Айыл өкмөтү |
АРИС | Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги |
КӨЖЫ | Климаттын өзгөрүүлөрүнө жараша ыңгайлашуу |
ВБ | Дүйнөлүк банк |
ВП | Ветеринардыкпалата |
МДСТ | Малдардын ден соолугун коргоо тобу |
ЖД | АЧТММ Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти |
ЖК ЖПБ | Жайыт комитети – ЖПБнын аткаруучу органы катары |
БМ | Бодо мал |
МБ | Мониторинг жана баалоо |
ЖӨБ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу |
ЖЖ | Жергиликтүү жамаат |
АЧТММ | КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ЧДТ | Чакан долбоордук тобу |
ЧДС | Чакан долбоордук сунуш |
КЭ | Кой-эчки |
СТФ | Сүт-товардык фермасы |
АӨЭФ ВФКМИРБ | Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын райондук башкармалыгы |
РАӨБ | Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы |
ЖӨБО | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
АДИБ | АЧТММга караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү |
ЖПБ | Жайыт пайдалануучулар бирикмеси |
МДК | Малдардын ден-соолугун коргоо |
МРӨД ЖБПЖП | Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планы |
ЖМБЖД | Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу долбоору |
ЖУП | Жасалма уруктандыруу пункту |
МДКП | Малдардын ден-соолугун коргоо планы |
КЗ | Кургак зат |
ШМБ | Шарттуу малдын башы |
ЖВА | Жеке ветеринардык адис |
УМПЖ | Узак мөөнөтткө пайдалануучу жерлер (УДП) |
МТЧ | Мамлкеттик токой чарбасы |
МЖП | Мамлекеттик жаратылыш паркы |
КИРИШҮҮ
Үч-Терек айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) Жайыт комитети тарабынан иштелип чыккан Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы (ЖБПЖП) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунда жайыт пайдалануучулар, айыл өкмөтү жана башка кызыкдар тараптар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен макулдашылган.
Кыргыз Республикасынын жайыттар боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, ЖБПЖП жергиликтүү кеңештин сессиясында да каралып чыгып, бекитилген жана Жайыт комитети менен жайыттарды башка максаттарга пайдалануу боюнча тийиштүү келишимдерди түзгөн бардык жайыт билетин алуучулар жана башка физикалык жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы милдеттүү түрдө талап кылынат.
Негизги пландын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген деталдуу чакан долбоордук сунуштар, айыл аймактын профайлы (паспорту), жайыт участокторунун абалына баа берүүнүн жыйынтыктары, ж.б.у.с. материалдар планга тиркелген.
Ушул ЖБПЖП кыска мөөнөттүү көрүнүштө жалпысынан жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну, малдардын ден соолугун коргоону жана малды тоюттандырууну жакшыртуу аркылуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө жергиликтүү калктын кирешелерин көбөйтүүгө багытталган.
ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнүндө кыскача маалымат
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандан кийин, Уч-Терек А/А аймагында жайыт пайдалануучулардын демилгеси менен жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, аткаруу органы – жайыт комитети, ал эми Жайыт пайдалануучулар бирикмеси - Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары катталган.
1-таблица
Юридикалык дареги: | Жалалабад облусу, Токтогул району, Уч терек АА, Уч-Терек айылы. |
Эсептешүү эсеби: | №1290123230037522; ОКПО: 27042375 |
Жеке идентификациялык номери: | 01203201010317 |
Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк: | 111146 – 3308 – ТОС Серия Гр № 0061763 12.03.2010-ж. |
Башкаруу структурасы: | Жогорку башкаруу органы–ЖПБ мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу Текшерүү-көзөмөлдөө органы–Текшерүү комиссиясы Аткаруучу орган – Жайыт Комитети. |
ЖӨБО менен ЖПБнын ортосундагы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу жөнүндө келишим (№ жанакүнү) жеЖергиликтүү кеңештин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын ЖПБгаөткөрүп берүү жөнүндө протоколу (№ жанакүнү) |
|
2019-жылда жайыт билеттерин алган жайыт пайдалануучулардын тизмеси | Жайыт билети бар жайыт пайдалануучулардын саны – 88-адам (Тизме 1-тиркемеде берилген) |