Редакцияот 26.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХХХ-сессиясы

 

2019 –жылдын 26-августу №30/2

Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 6 айында аткарылышы жана 2020-2022ж.ж. бюджетинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө

 Көк-Жаңгак шаардык жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 6 айында аткарылышы жана 2020-2022ж.ж. бюджетинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХ- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовдун маалыматы эске алынсын.

2. Көк-Жаңгак шаарынын 2020-2022 жылдарга жергиликтүү бюджеттин долбоору жактырылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:

Б.Маткаримов.