Редакцияот 22.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (ХХIХ-чакырылышынын) кезексиз XII-сессиясы

 

2019-жылдын 22-августу №1

Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу Чаек айыл аймагындагы борбордук көчөлөрдөгү адамдар басуучу жолду, борбордук көчөдөгү ички арыктагы лотокторду ондоо, борбордук көчөлөрүнө түнкү чырактарды орнотуу жана күрөш залын куруу үчүн долбоорлорду талкулоо жөнүндө.

 Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу Чаек айыл аймагындагы борбордук көчөлөрдөгү адамдар басуучу жолду, борбордук көчөдөгү ички арыктагы лотокторду ондоо, борбордук көчөлөрүнө түнкү чырактарды орнотуу жана күрөш залын куруу үчүн долбоорлорду талкулоо жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Чаек айыл аймагындагы борбордук көчөлөрдөгү адамдар басуучу жолду, борбордук көчөдөгү ички арыктагы лотокторду ондоо, борбордук көчөлөрүнө түнкү чырактарды орнотуу жана күрөш залын куруу үчүн долбоорлорго акча каражаттарын бөлүү жагы Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

2.Токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага:

З.Ү.Бозбалаев