Редакцияот 22.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (ХХIХ-чакырылышынын) кезексиз XII-сессиясы

 

2019-жылдын 22-августу №2

Чаек айыл аймагынынын айыл өкмөтүнүн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктуу берүү тууралуу Жумгал райондук салык кызматы башкармалыгынын кайрылуусу жөнүндө

 Чаек айыл аймагынынын айыл өкмөтүнүн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктуу берүү тууралуу Жумгал райондук салык кызматы башкармалыгынын кайрылуусу жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү жана Жумгал райондук салык кызматы башкармалыгы тарабынан айрым мамлекеттик ыйгарым укуктуу берүү боюнча келишим түзүлсүн.

2.Токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага:

З.Ү.Бозбалаев