Редакцияот 01.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХV сессиясы

 

2019-жылдын 01-августу №29

Тогуз-Торо Таза-Суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Мамытбековдун №14 09.07.2019-жылдагы кайрылуусун кароо жөнүндө

Тогуз-Торо Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Мамытбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)  кезексиз ХХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Тогуз-Торо Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Мамытбековдун кайрылуусундагы сметалык баасы 417,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

Р.Жунусакунов