Редакцияот 13.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы

 

2019-жылдын 13-августу №43

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына “Тогуз-Торо районунун Ардактуу атуулу” наамын берүү тууралуу сунушту кароо жөнүндө

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Районубуздун коомдук-маданий тармактарына кошкон зор салымы жана ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн Атыкулов Замирбек Самаганович Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.

2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

Р.Жунусакунов