Редакцияот 15.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019 жылдын 15-февралы № 98/XV-27

Ак-Кудук айыл аймагынын 2019 жылга карата социалдык экономикалык өнүгүү иш чараларынын планын бекитүү

“2018 жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” жана “2019 жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө ” Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап план толугу менен аткарылгандыгын Ак-Кудук айыл өкмөтү белгилейт.2019 жылга социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планына айылдарды абаттоо, дренаждык тарамдарды жана жолдорду тазалоо жана аймактын көйгөйлөрүн чечүү каралган. Ак Кудук Айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  “2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” айыл өкмөттүн башчысы А.С.Абдраевдин маалыматы эске алынсын.

2. Ак-Кудук айыл аймагынын 2019 жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. 2019 жылга аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планын ишке ашыруу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлсүн.

4. Жаңы иш орундарын түзүү боюнча иштер улантылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

У.Суваналиев