Редакцияот 01.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 1-августу № 9

Т.Анаркулов мектебинин башталгыч класстары окуган мектептин ордуна спорт комплекс куруу жөнүндө

 

Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXIII сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, Ленин көчөсүндө жайгашкан № 26 Т.Анаркулов мектебинин башталгыч класстарынын 1967- жылы жумушчулар үчүн курулган имаратынын эскилиги жетип, колдонууга болбой калгандыгына жана жаңы заманбап мектеп салынгандыгына байланыштуу, бузуп, ордуна элге кызмат кылуучу спорт комплексинин имаратын курууга уруксат берилсин.

2. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

Э. Мансиркулов