Редакцияот 01.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 1-августу № 11

Электр зымдарына тийип калган дарактарды кесүү жөнүндө

 

Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXIII сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Достук айыл өкмөтүндө жашаган элдердин үйлөрүндөгү электр зымдарына тийип, тоскоолдук жараткан бак - дарактары кыркылсын.

2. Макулдашууга Жалал Абад аймактык айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба башкармалыгынын башчысы Б.Эрменовго жөнөтүлсүн.

3. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Э. Мансиркулов