Редакцияот 19.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенештин Vl чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2019-жылдын 19-июлу №24

Турак-жайга жер берүү жөнүндө

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеёештин 2017-жылдын кезексиз VIII сессиясынын №25-токтомунун негизинде Боз-Адыр айыланан курулуш астындагы жерден турак-жайга жер участогун берүү максатында айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Суу-Башы айыл аймагынын Боз-Адыр айылынын түндүк жагындагы мурдагы курулуш цехи жайгашкан бош жаткан курулуш астындагы 2,42га жер участогун тарак-жайга берүүгө макулдук берилсин.

2.Турак жайга жер участогу арыз менен кайрылган жарандарга 0,12 га дан берилсин.

3.Тийешелүү болгон документтерди жасап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана Баткен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.

 

Төрага:

Р. Артыкбаев