Редакцияот 10.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 10-августу № 1

Дыйкан базар, мал базар куруу үчүн жер ажыратуу жөнүндө

 

Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин XXIV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнө караштуу № 1427-контурунан 3 га жер аянты дыйкан базар, мал базар куруу үчүн ылайыктуулугун тактоо жана трансформация кылуу айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Батыровго жүктөлсүн.

2. Тийиштүү документтерин мамлекеттик актысын даярдап берүү жагы Ноокен райондук кыймылсыз мүлктөргө болгон укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгына сунушталсын.

3. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

Э. Мансиркулов