Редакцияот 27.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы

 

2019-жылдын 27-июну №57

Кара-Бак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-мартындагы №19 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин №2 чогулуш протоколунун негизинде Жайыт комитетинин бюджетине кошумча киреше түшкөндүгүнө байланыштуу Кара-Бак айылдык кенешинин 2019-жылдын 19-мартындагы №19 токтомуна өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин бюджетине мал жаюудан башка максатта 55 800(Элүү беш миң сегиз жүз) сом киреше түшкөндүгүнө байланыштуу 2019-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Кеңештин төрагасынын орун басары:

М. Надирова