Редакцияот 02.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кенешинин V-чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2019-жылдын 02-июлу №7

Ак-Сай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-апрелиндеги №1 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Баткен райондук прокуратурасынын 2019-жылдын 24-июнундагы №11/652-19 сандуу каршылык билдирүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобого каршы келгендиктен, Ак-Сай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги №1 токтому жокко чыгаруу максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Баткен райондук прокуратурасынын 2019-жылдын 24-июнундагы №11/652-19 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Ак-Сай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-апрелиндеги №1 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер укастокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобого каршы келгендиктен жокко чыгарылсын.

2. 0,0000Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын

 

Айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Талиев