Редакцияот 14.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги V сессиясы

 

2019-жылдын 14-майы №3

Булак-Башы айылынын элинин арызын кароо жөнүндө

Булак-Башы айылына жерден суу казып чыгаруу боюнча иштеген ОсОО “Артезиан групп” жумушту бүтүрбөй жатканына нааразычылык менен кайрылган Булак-Башы айылынын элиинин арызын угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Булак-Башы айылындагы жерден суу казып чыгаруу боюнча иштерин аягына чыгарбагандыгына байланыштуу ОсОО “Артезиан группту” сотко берүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовго жана ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык, менчик мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.

 

Айылдык Кеңештин төрагасы:

Н. Жакыев