Редакцияот 29.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы

 

2019-жылдын 29-марты №86

 Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү макулдук берүү жөнүндө

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинен калган калдыктарды кайрадан бөлүштүрүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Э.Пасаңовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдагы сметасына кошумча киргизүү жана акча каражаттарын туура пайдалануу максатында Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинде каралган жумуштарды аткаргандан кийин 2986,1 миң сом акча каражаты ашып калгандыгы белгиленсин.

2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдагы сметасынын чыгашалар бөлүгүнө төмөндөгүчө өзгөртүүлөр киргизүүгө макулдук берилсин.

к-р №

 раздел

аткарылуучу жумуштар

бөлүнгөн сумма,сом

эскертүү

1

аппарат

долбоорлорду колдоо

600,0

 

2

 

сапар чыгымдары

100,0

 

3

 

эске алынбай калган чыгымдар

50,0

 

4

билим берүү

долбоорлорду колдоо

100,0

 

5

 

эске алынбай калган чыгымдар

59,0

 

6

айыл чарба

долбоорлорду колдоо

400,0

 

7

ЖКХ социалдык маселелер

долбоорлорду колдоо, эске алынбай калган чыгымдар

550,0

 

8

 

Кызыл-Октябрь айылындагы курулуучу тротуарга

100,0

 

9

 

Эски Покровка айылындагы курулуп жаткан тротуарга

155,0

 

10

 

Кызыл-Сенир айылындагы алыштарды оңдоо

550,0

 

11

 

Кекилик- Учардагы таштанды таштоочу жайды тартипке келтирүү

212,1

 

 

 

12

 

Алга айылындагы курулуп жаткан спортзалга

50,0

 

 

 

13

 

Кызыл-Сенир айылындагы курулуп жаткан спортзалга

50,0

 

14

маданият

сапар чыгымдары

10,0

 

 

Жалпысы

 

2986,1

 

 3.Өзгөн райондук каржы бөлүмүнө кошумча түзүлгөн смета тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысы Пасаңов .Э. Ж жана ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А. Абдуллаевге милдеттендирилсин.

Төрага:

К. Мусаев