Редакцияот 29.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы

 

 2019-жылдын 29-марты №87

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдарын карап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 12.03.2019-жылдагы № 43 буйругу менен бекитилген жумушчу комиссиянын айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдары жана 2019- ж . жер фондусун инвентаризациялоо актысынын негизинде бекитилсин.

2.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдарын бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага:

К. Мусаев