Редакцияот 01.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы

 

2019-жылдын 01-июлу №1

Могол айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен бөлүнгөн максаттуу трансфертин каржылоо жөнүндө

Могол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Укубаеванын билдирүүсүнүн негизинде Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезексиз ХVI -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV– сессиясынын №9-токтомун жетекчиликке алып, Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2019-жылдын 27-июнунда Республикалык бюджеттен бөлүнгөн максаттуу трансфертин каржылоо колдоого алынсын.

2. Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 70111 бөлүмүнүн чыгаша бөлүгүнүн II-кварталдагы 2215-статьяга-25,0 миӊ сом, 3111-статьясына-1975,0 миӊ сом – жалпысы 2000,0 мин сом каржылансын.

3. Ушул токтомдун негизинде билдирме жазып Базар-Коргон РКБ аркылуу иш жүргүзүү КЭБ башчысы З.Укубаевага милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Могол айылдык Кеңешинин төрагасы:

Т. Омурзаков