Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30 сентябры №8
Жалал-Абад шаарынын 2018-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жөнүндө шаар мэринин отчетун угуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 44-беренесинин 1-пунктунун 8-пунктчасына ылайык Жалал-Абад шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө отчетун угуп, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэринин 2018-жылы аткарган иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
|
2018-жылдын жыйынтыгында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы боюнча мэрдин отчету
Уюштуруу иштери боюнча
Жарандардын бийликке болгон ишенимин артыруу жана иш аракеттеринин айкындыгын камсыздоо максатында 2018-жылдын 9-январында «Жалал-Абад шаарынын 2018-2027-жылдарга өнүгүү программасындагы шаардын инвестициялык долбоорлорун талкуулоо” боюнча, 17-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» №2-Жарлыгын аткаруу үчүн түзүлгөн иш – чараларды талкуулоо максатында жана 13-апрелинде «Жалал-Абад шаарын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорунун II фазасынын техникалык-экономикалык изилдөөлөрү жөнүндө» талкуулоо боюнча шаар тургундары катышкан 3 коомдук угуу өткөрүлдү. Мэрдин эл менен болгон жолугушуусу аймактарда 11 жолу уюштурулуп, кээ бир маселелер жеринде чечилди. Жолугушуулардагы көтөрүлгөн негизги көйгөйлөр: көчөлөргө шагыл төгүү, асфальт төшөө, жарыктандыруу, бала бакча куруу жана таза суу болду.
Кыргыз Республикасынын «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамын аткарууга алуу максатында 2018-жылдын жыйынтыгында шаар боюнча 1476 турак-жай жана 9 автобус, 104 кичи автобус, 15 такси унаалары камсыздандырылды.
Этностор аралык мамилелерди чыӊдоо жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча шаарда 6 маданий борбор катышкан «Ачык эшик күндөрү», «Түрк-Ата» жана уйгур маданий борбору тарабынан «Чынгыз Айтматовдун 90-жылдык юбилейине» жана Энелер күнүнө арналган иш-чара, «Идель» татар-башкыр маданий борборунун «Сабантуй» майрамдык иш чаралары өткөрүлдү.
Жыл ичинде шаардагы аймактык башкаруулардын жобосуна өзгөртүүлөр киргизилди. Кварталдык комитеттердин Жобосу иштелип чыгып, шаардык кенештин чечими менен бекитилди. Аксакалдар сотторунун иштөө регламенттери түзүлүп, аймактык башкарууларга иштөөгө берилди. Курманбек жана Достук АБсунда 2 жаны кварталдык комитеттер түзүлдү.
Мындан сырткары, Бузуулар Кодексин аткарууга алуу максатында Бузууларды кароо тартиби жөнүндө мэриянын Жобосу жана комиссиянын курамы шаардык кенеш тарабынан бекитилди.
Экономика жана Өнөр жай
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жылды Региондорду өнүктүрү жылы деп жарыялоо жөнүндө» № 2 ПЖ жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-мартындагы № 194 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 26-мартындагы № 52-кт токтомдорунун негизинде региондорду жана шаарыбызды социалдык-экономикалык Өнүгүү Программасы менен 2018-жылга белгиленген тапшырмаларды аткарууда шаарыбыздын айыл чарба тармактарынан тышкары жылдын жыйынтыгы менен биз эл чарбасынын тармактарында ийгиликтерге да жетише алдык.
Аткарылган иштердин жыйынтыгында 2018-жылда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө айыл чарба тармактарынан тышкары реалдык сектордун бардык тармактарында өсүү темпин камсыздоого жакшы жетишкендиктерге ээ болдук, шаарыбыздын инфраструктура түзүмүн оңдоого, жарандардын жашоо-турмушун жакшыртууга жетише алдык.
Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү реалдуу сектордун ийгилиги менен тыгыз байланышкан. Ошого байланыштуу биз 2018-жылда экономиканын реалдуу секторунда кандай иштер болгонуна назар салышыбыз, оң жана терс жактарын аныкташыбыз, ошого жараша жасай турган кадамдарыбызды белгилеп, алга жылышыбыз шарт.
Адегенде эле мен биз үчүн маанилүү болгон өнөр жай тармагынан баштагым келет. Себеби, шаарыбыздын өнөр жайы область боюнча алгандагы үлүшү 14,1 % түзөт.
Шаар боюнча өнөр жай ишканалары тарабынан 3 млрд. 648,0 млн. сомдук продукция өндүрүлдү жана өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 148,7%ды түздү.
Шаардагы көпчүлүк өнөр жай ишканалардын жетекчилери ички рессурстардан туура пайдаланып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу эсебинен бош турган өндүрүштүк кубаттуулуктарында кеңири керектелүүчү товарларды иштеп чыгууну жолго салышып, жакшы жетишкендиктерге жетише алышты.
Тактап айтсак, өткөн 2017-жылга салыштырмалуу шаарыбыздын 13 өнөр-жай ишканалары тарабынан 378,5 млн. сомдук кошумча продукция өндүрүлүп, башкача айтканда бул шаар боюнча өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 10,3% түздү. Алар төмөндөгү ишканалар: “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому (жетекчиси Н. Максутов)– 266,7 млн. сомдук, “Жогорку кубаттуулук электр тармактары” ачык акционердик коому (жетекчиси А. Машрапов) – 55,1 млн. сомдук, “Жылуулук” райондор аралык бирикмеси (жетекчинин м.а. Р. Кожомбердиев) – 13,8 млн. сомдук, “Келечек” ЖАК (жетекчиси К. Туманов) – 12,1 млн. сомдук, “Ахмат Ата транс” ЖЧКу (жетекчиси Б. Борошов) – 6,6 млн. сом, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекеме (жетекчиси ) – 5,7 млн. сомдук, “Жалал-Абад сууканал” башкармалыгы (жетекчиси Т.Бакиров) – 5,4 млн. сомдук, “Баяна Стиль” ЖЧК (жетекчиси А. Имаров) – 3,8 млн. сомдук, “Келечек” мамлекеттик ишканасынын филиалы (жетекчиси Т. Касымов) – 3,6 млн. сомдук, “Лесной продукт” ЖЧК (жетекчиси Г. Исмаилова) – 2,5 млн. сомдук, “Борбордук Азиядагы ташты кайра иштетүүчү завод (жетекчиси З. Айтакунов) – 0,7 млн. сомдук, “Насос” АК (жетекчиси Н. Абдурахманов) – 0,6 млн. сомдук, “Кыргыз көзү азиздер жана дүлөйлөр” окуу өндүрүштүк бирикмеси (У. Печелов) – 0,4 млн. сомдук жана “ЮКиМ” ЖЧК (жетекчиси Д. Ким), “Кок-Арт” ЖЧК (жетекчиси М. Нурдинов) өткөн жылга салыштырмалуу көп продукция өндүрүүгө жетише алышты.
Шаарыбыздын жеке ишкерлери тарабынан 2018-жылда 104,1 млн. сомдук продукция өндүрүлдү, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 137,9 % түздү, же башкача айтканда кошумча 28,6 млн. сомдук продукция өндүрүүгө жетише алышты.
Бирок, 2018-жылдын жыйынтыгы менен шаардын ири өнөр жай ишканалары: “Жалал-Абад нефти кайра иштетүүчү завод Кыргыз-Өзбек-Азербайджан биргелешкен жоопкерчилиги чектелген коому (жетекчиси Ш. Ташиев) – 198,1 млн. сомдук, “Элнур Дан” жоопкерчилиги чектелген коому (жетекчиси Б. Абдурахманова) – 49,5 млн. сомдук, “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коому (жетекчиси К. Маматканов) – 25,6 млн. сомдук, “Газпром-Кыргызстан” жоопкерчилигинин “Жалал-Абадгаз” филиалы (жетекчиси ) – 21,6 млн. сомдук, “Элдик” мамлекеттик ишканасы – 3,6 млн. сомдук продукция өткөн жылга салыштырмалуу кем өндүрүштү жана өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 11,6%ын түздү, же болбосо жалпысы болуп 424,4 млн. сомдук продукция кем өндүрүштү.
Айыл чарбасы
Шаар боюнча салыштырмалуу баада 253,0 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 91,9% ды түздү.
Айыл чарба тармагы боюнча белгиленген пландын аткарылбагандыгынын себеби, шаар боюнча 120,6 млн. сомдук таалачылык продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 82,6%ды түздү, же болбосо 28,4 млн. сомдук продукция кем өндүрүлдү.
Таалачылык продукциясынын өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпинин төмөндөшүнүн негизги себеби бул өткөн жылга салыштырмалуу күздүк буудай, жүгөрү, картошка жана жашылча өсүмдүктөрүнүн эгилген жер аянттарынын кыскарганы.
Ал эми, 132,3 млн. сомдук мал чарба продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 102,4%ды түздү.
Мал чарбасында 2018-жылдын жыйынтыгы менен 476,0 тонна эт өндүрүлдү, өткөн жылга карата өсүү темпи 102,4%ды, 2771,0 тонна сүт өндүрүлдү, өсүү темпи 103,7%ды, 1065,0 миң даана жумуртка өндүрүлүп, өсүү темпи 90,3%ды жана 21,1 тонна жүн өндүрүлүп 96,3%га өсүүнү камсыз кылынды.
Кичи мүйүздүү малдардын жана канаттулардын саны 2018-жылда өткөн жылга салыштырмалуу кыскаргандыгына байланыштуу жүн жана жумуртка боюнча план аткарылбай калды.
Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти, чекене соода жана акылуу кызмат көрсөтүү
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти 2018-жылдын он эки ай ичинде шаардык казынага акча каражаттарынын көлөмүн көбөйтүү максатында бир топ максаттуу иштерди жүргүзүүдө.
Департаменттин максаттуу жүргүзүп жаткан ишинин негизинде шаардык жергиликтүү казынага 2018-жылдын он эки ай ичинде 23 619 396,41 сом түшкөн, бекитилген план үстүбүздөгү жылдын он эки ай ичинде23 373 810,80 сомго белгиленген. Киреше жагынан план 101,05 % аткарылды.
Анын ичинен жергиликтүү бюджетке - 14 491 445,53 сом таза киреше чегерилген. Бөлүмдүн чыгашалары: Кызматкерлерге эмгек акы- соц.фондго, коммуналдык төлөмдөр ар башка төлөмдөрдөн кийин 2019-жылдын 01-январь айына атайын эсептен калган акча каражат - 345 382,69 сомду түзөт.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 26-октябрындагы №7 протоколуна ылайык шаар аймагындагы Чехов көчөсүндөгү эл жүрүүчү жолдогу убактылуу соода жүргүзүп жаткан соодагерлерге департамент тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө аты аталган көчөдөгү соода түйүндөр иретке келтирилип, ар дайым көчөнүн тазалыгын, тартибин көзөмөлдөө үчүн атайын инспектор дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнундөгү» токтомун жана Жалал-Абад шаарынын 2018-жылдын 21-ноябрындагы №338-б буйругун ишке ашыруу максатында Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти тарабынан 2018-жылдын 12-декабрында Ленин көчөсүндө жайгашкан «Мир» кинотеатрдын алдында ден -соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн төмөндөтүлгөн дүң баада айыл чарба продукцияларынын жана кийим-кече жарманкеси уюштурулду.
Жалал-Абад шаарынын 23.01.2018-жыл №10-кт токтомунун негизинде Санитардык- экологиялык инспекциясынын адистери күн сайын нөөмөнөткө туруп, шаар аймагындагы эл жүрүүчү жолдордо чачкынды соода жүргүзгөн соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл жүрүүчү жолдор иретке келтирилүүдө.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №372-б буйругуна жана шаар аймагындагы соода түйүндөрүнүн жетекчилеринен, жеке ишкерлерден келген кайрылууларга ылайык Ленин, Чехов жана Н.Айтматова көчөлөрүнүн муниципалдык жерлеринде 2018-жылдын 15-декабрынан 2019-жылдын 02-январына чейин «Жаны жылдык белектердин» жарманкеси уюштурулду.
Санитардык-экологиялык инспекциясынын адистери тарабынан 2018-жылдын ай ичинде абаттоонун негизинде жалпысы болуп 1405 жаранга эскертүү баракчалары берилип, анын ичинен 1261 жаран коюлган талаптарды өз убагында аткарды. Ал эми аткарбаган 144 жаранга Акт түзүлүп, административдик комиссияга тапшырылып, акчалай айып пул салынды жана 670 оозеки эскертүү берилип, коюлган талаптар жеринде аткарылды.
Аткарылган жумуштардын негизинде 2018-жылдын жыйынтыгы менен шаар аймагында салыштырмалуу баада 21 млрд. 367,4 млн. сомдук чекене соода жүргүзүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 101,5%ды түздү.
Анын ичинен, уюштурулган соода тармагында 9 млрд. 442,5 млн. сомдук чекене соода жүргүзүлдү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 103,6%ды түздү.
Ал эми, уюштурулбаган соода тармагында 11 млрд. 991,4 млн. сомдук чекене соода жүргүзүлдү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 100,0%ды түздү.
Шаар боюнча мейманканалар жана коомдук тамактануу жайлары 2018-жылдын жыйынтыгы менен 972,1 млн. сомдук соода жүргүзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 100,0%ды түздү.
Шаарыбыздын тургундарына 3 млрд. 864,5 млн. сомдук акылуу кызмат көрсөтүлдү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 101,6%ды түздү. Анын ичинен, юридикалык жактар тарабынан 1 млрд. 917,2 млн. сомдук акылуу кызмат көрсөтүлдү жана өткөн жылга өсүү темпи 105,4%ды түздү, ал эми физикалык жактар – 1 млрд. 947,3 млн. сомдук акылуу кызмат көрсөтүлдү жана өсүү темпи 98,2%ды түздү.
Инвестициялар боюнча.
2018-жылдын жыйынтыгы менен шаардын ар түрдүү тармактарына тартылган инвестиция жалпысынан 4 млрд. 544,1 млн. сомду (расшивровку) түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 141,1%ды түздү. Тартылган инвестициялардын ичинен ички инвестиция каражаты 2 млрд. 540,1 млн. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 104,4%ды түздү. Ал эми тартылган тышкы инвестициялардын көлөмү 199,5 млн. сом болуп, өсүү темпи 22,3% түздү.
Дүйнөлүк финансалык жана экономикалык кризис өнөр жай тармагында – 14,2%га, чекене соода жана акылуу кызмат тармагында – 50,1%га, айыл чарба тармагына инвестициялардын көлөмүнүн төмөндөшүнө алып келди.
Бирок, социалдык тармакда тартылган инвестициялардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 167,8%, ал эми башка тармактарда – 180,8 % га өсүш камсыз кылынды.
Кыргыз Республикасынын дем берүүчү гранттарды эсебинен каржылана турган долбоорлорду даярдоо үчүн аймактык башкармалардын башчылары, ишкана-мекемелердин жетекчилери жана эсепчилеринин катышуусу менен бизнес-долбоорлорду түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн натыйжасында 2018-жылда 7 долбоор даярдалган. Комиссия тарабынан шаар боюнча 7 млн. 569,0 сомдук 6 долбоор тандап алынып, Каржы министрлигине сунушталган. Жактырылып, республикалык бюджеттен каржыланган 6 долбоор азыркы күндө бардыгы толугу менен турмушка ашырылды.
Анын ичинен, жергиликтүү бюджеттен 3785,1 миң сом каржыланса, ал эми республикалык бюджеттен 3784,0 миң сом акча каражаты берилди. Дем берүүчү гранттардын алкагында “Токтогул” эс алуу багынын тосмолору ондолду, № 7 балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоо иштери аткарылды, № 16 мектептин эшиктери жана терезелери алмаштырылды, № 19 балдар бакчасынын жана № 4 мектептин терезелери алмыштырылды, ошондой эле № 7 мектептин имаратынын полу алмаштырылды.
2019-жылга дем берүүчү гранттарды эсебинен каржылана турган 9 долбоорлор 20 млн. 168,4 млн. сомго иштеп чыгылып Кыргыз Республикасынын каржы министирлигинин Жалал-Абад башкармалыгына тапшырылды.
Шаар аймагынын түрдүү тармактарына тартылган инвестициялардын эсебинен жалпы шаар аймагында 2018-жылдын ичинде 66 жаңы ишканалар ачылып, шаар боюнча өнөр-жай тармагында 107 жаңы, башка тармактарда 409 жумушчу орун жана 1271 убактылуу жумуш орундар түзүлдү, башкача айтканда өткөн жылга салыштырмалуу жумуш орундардын өсүү темпи 101,9%ды түздү.
Муниципалдык менчикти башкаруу
Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2018-жыл ичинде шаардын муниципалдык менчик башкармасынын обьектилеринин иш деңгээлин жогорулатуу, аларды эффективдүү жана рационалдуу колдонуу боюнча, шаардык казынага акча каражаттарынын көлөмүн көбөйтүү максатында бир топ сапаттуу иштерди жүргүзүүдө.
2018-жыл ичинде Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармасы тарабынан мэриянын алдындагы жер участкаларын ижарага берүү боюнча комиссиясынын 13 чогулушу өткөрүлүп, ал чогулуштарда 257 арыз жана кайрылуулар маселелер каралды. Шаардык мэриянын алдындагы турак жай боюнча коомдук комиссиянын 13 чогулушун өткөрүп, ал чогулуштарда 50 арыз жана кайрылуулар каралып чыгылган.
Муниципалдык менчик башкармалыктын максаттуу жүргүзүп жаткан ишинин негизинде шаардык казынага 2018-жылдын 12-ай ичинде 16958,4 миң сом түшкөн, бекитилген планда үстүбүздөгү жылдын 12-ай ичинде 14492,9 миң сомго белгиленген. Киреше жагынан план 117,0% га аткарылган же болбосо 2465,5мин сом ашыкча акча каражаты түшкөн.
Тактап айтсак, Муниципалдык менчик башкармалык тарабынан 2018-жыл ичинде бекитилген пландын жыйынтыгы төмөндөгүдөй аткарылган:
2018-жылдын 12-ай ичинде жер участокторун ижарага берүү боюнча 9 жолу конкурс өткөрүлүп,конкурс аркылуу 95 жер участкасы ижарага берилген,жер участокторун ижарага берүүдөн 8023,6миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген план боюнча 7400,0миң сом болсо, планды аткаруу 108,4% ге аткарылган же болбосо 623,6 миң сомго ашыкча акча каражаты шаардык казынага түшкөн.
Шаар аймагындагы муниципалдык автопарковкаларды иретке келтирүү жана бюджетти көбөйтүү максатында жеке адамдардан авто транспорт каражаттарын коюу укугу үчүн жыйымдардан 3119,7миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген план боюнча 3175,0миң сом болсо, планды аткаруу 98,3% ге аткарылган же болбосо 55,3миң сомго аз аткарылган. Пландын аз аткарылгандыгынын себеби, ноябрь айында шаардын Ж.Бакиев көчөсүнүн жана Чехов көчөсүнүн жолдоруна казуу жумуштары жүргөндүгүнөн улам жолдун жабылып тургандыгы болду.
Муниципалдык менчик башкармалыктын жарнак жана кооздоп жасалгалоо бөлүмү тарабынан шаар аймагында жайгашкан 124 даана жарнак калкандар менен ижара келишими түзүлдү. Шаар аймагындагы жарнак жана кооздоп жасалгалоо кызматтарына уруксат берүүчү документтерди бергендик үчүн акы төлөө кызматынан 1931,9миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген план боюнча 1917,9миң сом болсо, планды аткаруу 103,2% га аткарылган же болбосо 55,6миң сомго ашыкча аткарылган.
Муниципалдык менчик башкармалыктын карамагында болгон жашоого ыңгайлашпаган имараттарды жана курулуштарды ижарага берүүдөн 2018жылдын 12-ай ичинде башкармалыкка 3883,2 мин сом түшкөн, бекитилген план боюнча 2000,0миң сом болсо, планды аткаруу 194,2% га ашыкча аткарылган,себеби “Скай Мобайл” ЖЧК тарабынан 1606,0мин сом акча каражаты мурдатан муниципалдык жер тилкеге антенналык мачталык жабдыктарын орнотуп иштетип келе жаткандыгынан муниципалдык менчик башкармалыгы аныктап коп жылдык толонбой калган ижара акысын ондурулгондугунун натыйжасы болгондугун белгилейбиз.
Муниципалдык менчик башкармалык тарабынан келишимдик негизде ижарага муниципалдык менчик обьектилерин жашоого ыңгайлашпаган имараттарды төмөндөгү мекемелерге, жеке менчик стоматологиялык кабинетке, жеке менчик гинекологиялык клиникаларга, Сүрөтчүлөр союзуна, мэриянын имаратында жайгашкан Түштүк филиал ОсОО “Альфа телеком”, ОсОО “Скай Мобайл” ишканаларына ижарага берилген.
2018-жылдын 12-ай ичинде муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан соттун чечиминин негизинде жеке менчикке өтүп кеткен объекттерди кайтаруу боюнча төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды.
Шаарыбыздагы №15, 21,23 бала бакчалар да Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2006-жылдагы чечими менен “Келечек” ишканасынын жеке менчиги деп табылган. 2012-жылы муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад областтык сотуна арыз менен кайрылып, “Келечек” ААКнун пайдасына чечилген. №15,21 балдар бакчасын Жалал-Абад шаардык мэриясы пайдаланган үчүн шаардык бюджеттен бир жылына 960000(Тогуз жүз алтымыш мин) сом ижара акы “Келечек” ААКна төлөнүп турчу. Ушул соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан алгылыктуу иштер аткарылып,биринчи,экинчи жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотторуна соттук отурумдарга катышып, Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтаруу боюнча соттук актылар кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2018-жылдын 20-февралындагы токтому менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун, 2017-жылдын 1-мартындагы чечимин жана Жалал-Абад областык сотунун 2017-жылдын 15-июнундагы токтомун күчүндө калтырып биздин пайдага чечилди. Шаарыбыздагы №№15, 21,23 бала бакчалары муниципалдык менчикке кайтарылып, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан мамлекеттик акт алынды.
Мындан сырткары мурунку дене тарбия институна өтүп кеткен №18 Балдар бакчасынын имаратын кайтаруу боюнча Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан сотко доо арыз берилип,2018-жылдын 17-майында чечим кабыл алынып, бала бакчанын имаратын кайтаруу боюнча биздин пайдага чечим кабыл алынды.
Шаарыбыздын Р.Азимов көчөсүндө жайгашкан ЖАМУга берилген 6 га жер аянтын муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча доо арыз менен Кыргыз Республикасынын жогорку соттунда каралып 1-2- инстанцияларынын аныктамалары жокко чыгарылып иш кайра Жалал-Абад областынын райондор аралык соттуна жөнөтүлгөн. Жалал-Абад областынын райондор аралык соттунун аныктамасы менен биздин доо арызыбыздын өтүп кеткен процессуалдын мөөнөтү калыбына келтирилген.Ушул иштин маңыз мазмуну боюнча 2019-жылдын 17-январына дайындалды. Аталган жер соттун чечими менен шаардык мэрияга кайтарылса, көп кабаттуу турак - жай курууга мүмкүнчүлүк болмок.
Ошондой эле “Арстанбап” ЖЧКсынын экопарктагы 4 га жер аянты боюнча соттук процесстер жүрүп, Жалал-Абад областтык соттунун аныктамасы менен Жалал-Абад областтынын райондор аралык соттунун 22-февраль 2017-жылдагы чечими толугу менен жокко чыгарылып, иш кайра Жалал-Абад областынын райондор аралык соттуна жөнөтүлгөн.
Ал эми “Шор-Булак” боюнча соттук процесстер жүрүп Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан 1-2 инстанцияларынын соттук актылары жокко чыгарылып, иш кайра Жалал-Абад областынын райондор аралык соттуна жөнөтүлдү.
Жалал-Абад шаарынын Ленин менен Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан (мурунку Бишкек унаа токтоочу жай) жалпы аянты 1330 м2 жер тилкеси 29-август 2012-жылы Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун чечими менен “Кыргызхлопок” ЖАКнун жеке менчиги деп табылып, жеке адамдарга сатылып кеткен. Бул соттук чечимдер менен макул болбостон, Жалал-Абад шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна көзөмөл иретинде арыз менен кайрылган. Жогорку Сотто каралып, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттук актылар жокко чыгарылып, тактап айтканда Жалал-Абад шаардык мэриясынын пайдасына чечилген. Ал эми сатылып кеткен жер тилкесинин сатуу жана сатып алуу келишими Ош областынын райондор аралык сотунун чечими менен Жалал-Абад шаардык мэриясынын пайдасына чыккан. Бул чечим менен макул болбостон сатып алган жеке адамдар бүгүнкү күндө Ош областтык райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, сотук териштирүү каралууда.
Н.Айтматова көчөсүндөгү “Бакыт” тейлөө борборуна 2000-жылы Жалал-Абад шаардык мамлекеттик администрация тарабынан көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга берилген тратуарды кайтаруу боюнча биз тарабынан доо арыз даярдалып, сотко тапшырылып Жалал-Абад областык райондор аралык сотунда каралып биздин пайдага чечим кабыл алынды.
Жалал-Абад шаардык мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдын 29-декабрындагы №969-р сандуу буйругунун негизинде “Келечек” ААКна Жалал-Абад шаарынын №40 кварталынын Токтогул көчөсүндө акы төлөнүүчү авто унаа токтоочу жай уюштуруга жалпы аянтты 1104 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилген жер аянты боюнча Жалал-Абад областык райондор аралык сотунда каралып биздин пайдага чечим кабыл алынып, муниципалдык менчикке кайтарылып, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан мамлекеттик акт алынды.
Жалал-Абад шаарынын жааматтык гараждарды ижара шартына отургузуу максатында, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Жалал-Абад областык райондор аралык сотуна жааматтык унаа гараждарды иштетип жаткан Жалал-Абад шаарынын Тоголок-Молдо көчөсүндөгү “Луч” кооперативи жана Р.Азимов көчөсүндөгү жааматтык унаа гараждарын иштетип жаткан “Шинник-Дова” кооперативдери сотко берилип,соттук териштирүү каралууда.
Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 12,80 чарчы метр жер тилкеси менен аялдаманы ээлеп турган Мырзашева Динара Чырмашеваны чыгарууну милдеттендирүүнү суранып Жалал-Абад шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып соттук териштирүү жүргүзүүлүп, Жалал-Абад шаардык сотту биздин пайдабызга чечилип, аялдама конкурстун жеңүүчүсү Н.Матраимовго келишим менен өткөрүлүп берилди.
Салыктар
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына 2018-жылдын январь-декабрь айларында салык жана салык эмес төлөмдөр боюнча жеткирилген план-тапшырма - 744099,6 миң сом болсо, аткарылышы - 749902,2 миң сом. Жеткирилген план-тапшырмадан - 5802,9 миң сомго ашыкча салык жыйналып 100,6 %ды түздү. Бул көрсөткүч 2017-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу -83554,1 миң сомго ашыкча салык жыйналып, өсүү ыргагы - 112,5%ды түздү.
2018 жылдын январь-декабрь айлар ичинде жергиликтүү бюджетке жеткирилген план тапшырма -332210,1 миң сом болсо, аткарылышы -346346,0 миң сомду түздү, жеткирилген план тапшырмадан - 14135,9 миң сомго ашыкча салык жыйналып, же болбосо -104,0% болду. 2017-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу -28964,5 миң сомго ашыкча салык жыйналып, өсүү ыргагы -109,1% ды түздү.
Республикалык бюджетке жеткирилген план-тапшырма - 411889,2 миң сом болсо, аткарылышы – 403556,2 миң сом болду. Жеткирилген план тапшырмадан - 8333,0 миң сомго аз салык жыйналып , же болбосо - 97,9 %ды түздү. 2017-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу -54589,6 миң сомго ашыкча салык жыйналып, өсүү ыргагы -115,6% ды түздү.
2018 жылдын январь-декабрь айларына жалпы мамлекеттик жеткирилген пландын аткарылган менен кээ бир салыктын түрлөрү боюнча, ашыкча план жеткирилгендин эсебинен аткарылбай калган булар: Пайда салыгы - 91,9 %, айыл чарба эмес жер салыгы - 91,8%, КНС - 91,8% жана роялти - 84,7%. Бул салыктын аткарылбай калышынын негизги себеби төмөндөгүчө:
Жергиликтүү бюджеттин 2018 жылга планын шаардык Кенеш тарабынан 2018 жылга - 323890,1 миң сом план бекитилген, ал эми Каржы министирлиги тарабынан - 332910,1 миң сом планын жеткирген, айырмасы -9020,0 мин сом план ашыкча жеткирилгенин. Эгер республикалык бюджеттин 50% кошкондо (киреше салыгы, сатуудан алынган салык (50% чыгаруусу) айырма 11820,0 миң сомго план ашыкча жеткирилген. Каржы министирлиги тарабынан ашыкча план жеткирилгендиктин эсебинен республикалык бюджеттин планы аткарылбай калган.
Роялти салыгы 2018-жылдын отчеттук мезгилине жеткирилген план-тапшырма -3000,0 миң сом, аткарылганы - 2541,1 миң сом, же болбосо -84,7%ды түздү. Бул салык жер кыртышынан алынган продукция үчүн төлөнөт, Жалал-Абад шаарында негизинен сууну колдогон үчүн төлөшөт, ошондуктан башка жер продукциясы жоктугуна байланыштуу салык боюнча база жок.
Бул салык боюнча 22 мекеме салык төлөчү болуп шаарда эсептелинет (суу боюнча). Салык төлөөчүлөрдүн эсеби менен ай сайын болгону 185-210 миң сом салык эсептелинет.
Айыл-чарба багытындагы эмес жер салыгы боюнча отчеттук мезгилде (2018-жыл) жеткирилген план-тапшырма - 17880,0 миң сом, аткарылганы -16414,0 миң сом же болбосо - 91,8%ды түздү. Жеткирилген план тапшырмадан – 1466,0 миң сомго аз салык жыйналган. Ал эми 2017-жылдын отчеттук мезгилине салыштырганда бул салыктын түрү боюнча - 1419,9 миң сомго бюджетке ашыкча салык түшүп, өсүү ыргагы -109,5%ды түздү.
Жалал-Абад шаардык Кеңеш тарабынан 2018 - жылга айыл чарба эмес жер салыгын 15000 миң сомго план бекитилген, бирок Каржы министирлиги тарабынан 2018 - жылга - 17880,0 миң сом план жеткирген, же болбосо 2880,0 миң сом ашыкча план жеткирилген. Каржы министирлиги тарабынан шаардык Кеңеш 2018-жылга бекитилген планды эсепке албай жатат.
КНС салыгы боюнча январь-декабрь айына план-тапшырма - 128108,9 миң сом жеткирилсе аткарылганы - 117634,7 миң сом же болбосо - 91,8 %га аткарылып, айырмасы - 10474,2 миң сомду тщздщ. 2017 жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу - 7238,5 миң сомго аз жыйналып ёсүү ыргагы -94,2 %ды түздү. Жеткирилген пландын аткарылбай калышынын негизги себеби төмөндөгүчү:
2018 - жылдын январь-декабрь айларына Каржы министири тарабынан 119,6% га өсүү ыргагы менен план жеткирилген (2017 - жылдын планына салыштырмалуу).
Бул КНС салыгы боюнча ири салык төлөчүүлөрдүн 2018 жылы 2017 жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу сатуу продукциясынын көлөмү жөнүндө билдирүү:
(миң сом)
Аталышы | Сатылган продукция
| Айырма-сы | КНС төлөнгөн | Айырмасы - | ||
| 2017ж.12 ай ичинде | 2018ж.12 ай ичинде | 2017ж.12ай ичинде | 2018ж. 12 ай ичинде |
| |
«Жалалабадэлек-тро»ЖАК | 1495576,0 | 1564169,2 | 68593,2 | 75280,9 | 61362,8 | 14048,1 |
«КПК» ЖАК | 270222,6 | 763268,7 | 493046,1 | 7800,0 | 9000,0 | 1200,0 |
«Дан-Юг» ЖАК | 169495,4 | 53292,5 | -116202,9 | 0 | 0 | 0 |
«АБЗ» ЖЧК | 118193,2 | 84490,7 | -33702,5 | 791,1 | 898,8 | 139,9 |
«Нур»ЖЧК | 31564,7 | 14981,6 | -16583,1 | 0 | 0 | 0 |
«Гедик» ЖЧК | 141547,3 | 121390,8 | -20156,5 | 0 | 0 | 0 |