Редакцияот 10.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VI шайланган кезексиз Х1Х отурумун

 

.2019-жылдын 10-июну №19/1

Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасы боюнча 2020-жылга долбоору жана 2021-2022- жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө

 Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасы боюнча 2020-жылга долбоору жана 2021- 2022- жылдарга карата болжолдуу планын бекитүү боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссинын төрайымы Б.Токтобаеванын билдирүүсүн жана Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун Н.Матановдун докладын угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин VI шайланган кезексиз XIXзаседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасы боюнча 2020-жылга долбоору 18827,7 миң сомго,анын ичинен теңдөөчү грант 15369,4 миң сом, өздүк киреше 3458,3 сом анын ичинен атайын каражаттар 665,0 миң сомго бекитилсин.

2. Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасы бөлүгүнүн 2021-жылга божомолу 18194,4 миң сомго,анын ичинен теңдөөчү грант 14296,1 миң сом, өздүк киреше 3898,1 сом анын ичинен атайын каражаттар 665,0 миң сомго жактырылсын.

3. Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашабөлүгүн 2022-жылга божомолу 16194,4 миң сомго,анын ичинен теңдөөчү грант 12296,1 миң сом, өздүк киреше 3898,3 сом анын ичинен атайын каражаттар 665,0 миң сомго жактырылсын.

4.Корголгон беренелердин(эмгек акы,социалдык фондго чегерүүлөр,тамак-аш азыктарын сатып алуу,көмүр,отун жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановко милдеттендирилсин.

 

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы:

Б.Арынбаев