Редакцияот 31.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз 15-сессиясы

 

2019-жылдын 31 июлу №3

Ак-Коргон айыл аймагындагы калктуу конуштардын генаралдык планын түзүү жөнүндө

Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча адиси Т.Отахановдун айылдардын генералдык планын түзүү бүгүнкү күндүн негизги талабы экендиги жөнүндө маалыматты угуп Ак-Коргон айылдык кенешинин 31-июль 2019-жылдагы 15-кезексиз сесссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Коргон айыл аймагындагы калктуу конуштарын генералдык планын түзүүгө кетүүчүкаражаи 2020-жылы Райондук өнүгүү фонду аркылуу каржылоо жактырылсын.

2. Тиешелүү документтерди тактоо Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча адиси Т.Отахановго милдеттендирилсин.

3. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн

1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Коргон айылдык кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Инамов