Редакцияот 31.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз 15-сессиясы

 

2019-жылдын 31 июлу №2

Сафед-Булан айылында жайгашкан “Шах-Фазил” мамлекеттик тарыхый мемориалдык маданий корук-музейи жана ага чектеш жер тилкелерин корук музейине мыйзамдаштырып берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мадания, маалымат жана туризм министрлигинин 10.07.2019-жыл №04-3/3665 катыныны негизинде Ак-Коргон айылдык кенешинин 31-июль 2019-жылдагы 15-кезексиз сесссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2. Ак-Коргон айыл өкмөтүнөкараштуу Сафед-Булон айылындагы “Шах-Фазил” мамлекеттик тарыхый маданий корук музейи жана ага тиешелүү төмөндө көрсөтүлгөн жер аянттарын “Шах-Фазил” мамлекеттик тарыхый маданий корук музейине мыйзамдаштырып алуусуна маакулдук берилсин.

“Каллакана” 2,33 га.

“Кожо-Аламдар” 0,18 га.

“2772 дене көмүлгөн мүрзө 0,10 га

Жалпы 2,61 га жер аянты.

3. Токтомду аткаруу жагы Ак-Коргон айыл аймагынын жерге жайгаштыруу боюнча адис Т.Отахановго жүктөлсүн

4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.

5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Коргон айылдык кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Инамов