Редакцияот 05.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз экинчи сессиясы

 

2019-жылдын 5-июлу №183

“Бостон Ордо” коомунун кайрылуусун кароо жөнүндө

КРнын Жогорку Кеёешинин 21.06.2019-ж. №2514 токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 01.03.2019-ж. №36-б буйругу менен бекитилген жалпы улуттук жана юбилейлик иш-чараларга негиз Асан уулу Исхактын (Полотхан) 175 жылдыгына карата даярдык көрүү жана уюштуруп өткөрүү жөнүндө “Бостон Ордо” коомунун кайрылуусун талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Тарыхый инсан Асан уулу Исхактын (Полотхан) 175 жылдык мааракесине карата “Бостон Ордо” коомуна “Төш белги” даярдатып чыгарууга макулдук берилсин.

2. “Бостон Ордо” коомуна “Төш белги” даярдатып чыгаруу боюнча каржы маселесин чечүү жагы сунушталсын.

 

Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Назарбаев.