Редакцияот 27.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(VI чакырылыш) кезексиз 15- сессиясы

2019-жылдын 27-июну №15/2

Айыл окмотунун аймагындагы «Орунбеков Куланчы» атындагы Ой-Тал жана «Нурмамат уулу Сабылкул атындагы Кондук орто мектептериндеги 2018-2019-окуу жылындагы окуу тарбия иштери жонундо

Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кенешинин кезектеги 15-сессиясынын (6- шайланган) жыйналышы угуп жана талкуулап

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Айылдык Кенештин аймагындагы «Орунбеков Куланчы» атындагы Ой-Тал жана «Нурмамат уулу Сабылкул атындагы Кондук орто мектептериндеги 2018-2019-окуу жылындагы окуу тарбия иштери боюнча мектеп директорлору Н.Осмоновдун жана М.Назировдун жургузгон иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.

2. Мектеп директорлору ( Н.Осмонов,М.Назиров):

 - мектептердеги Ата-энелер Комитеттери менен байланышты чындап,

ата-энелер чогулуштарын оз убагында откоруп турууну колго алышсын;

 - окуучулардын билим сапатын которууго такай конул бурушсун;

 - мектепке себепсиз тартылбаган окуучулар боюнча ата-энелер,айыл окмоту жана тишелуу органдар менен бирдикте натыйжалуу иш алып барышсын;

 - райондун жана андан жогорку денгээлдердеги предметтик олимпиадаларга

окуучуларды даярдоо жана катыштырууга конулдорун бурушсун;

 - мектептердеги социалдык педагогдордун ишин тиешелуу денгээлде козомолго алышсын;

 - окуучулардын шашке тамак ашын уюштуруу боюнча жобонун талаптарына ылайык айыл окмотунун аймагындагы мектептерде жергиликтуу денгээлде иштин алынып барылышын катуу козомолго алсын;

 - окуучу балдарга тамак аштын сапаттуу берилишин жана балдарды тамак аштан уулануудан алдын алуу максатында мектептердеги азык-тулуктордун сапатын козомолдоону кучотууну уюштурушсун ;

 - мектептердин ашканасында шайкештик сертификаттары бар гана азык-тулуктор менен камсыздоону катуу козомолго алууну камсыз кылсын;

 - мектептерде балдарга шашке тамактар тууралуу менюларды кун сайын туздуртууну жана ашканалардын санитардык абалын козомолдоону кучотсун ;

3. Айыл окмотунун финансы –экономика болуму ( М.Акматов) :

- 1-4-класстардын балдарына тамак аш беруудо мектептерде жетишпеген инвентарлар менен камсыз кылсын ;

3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенешинин социалдык маданий,билим беруу,спорт,миграция, туризм, саламаттыкты сактоо,коммуналдык менчик,маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык –экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Абдикеримов