Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы
2019-жылдын 06-августу №26/1
Кыргыз Республикасынын Каржы Министрилигинен бөлүнүп келген акча каражатын кароо жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Арсы орто мектебине кошумча ашкана куруу үчүн Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнө 24-июнь 2019-жылы № 751 жазылган кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен бөлүнүп келген акча каражатын кароо жөнүндө ФЭБ башчысы А.Касымованын сунушун угуп, талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Арсы орто мектебине кошумча ашкана куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен бөлүнүп келген 1500,0 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын 3111-статьясынын планына коюп, карап берүү жагы Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Кочкор районундагы башкармалыгынан суралсын.
Каралган акча каражатын мыйзамдын негизинде тендерге жарыялап, которуп берүү жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Касымовага милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |