Редакцияот 06.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы

2019-жылдын 06-августу №26/3

Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектебине керектүү жабдууларды алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамынын негизинде Семиз-Бел айыл аймагына караштуу А.Бостонов атындагы орто мектебине керектүү ар кандай жабдууларды алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча мектеп директору С.Чаарчокуеванын сунушун угуп, талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектебине Интерактивный доска, түстүү принтер, музыкалык аппаратура, компьютер алуу үчүн Семиз-Бел айылындагы полигондон түшкөн акча каражатынан 140,0 (бир жүз кырк миӊ) сом 3111 статьясынан каралып, бөлүнүп берилсин.

Каралган акча каражатын мыйзамдын негизинде тендерге жарыялап, которуп берүү жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Касымовага милдеттендирилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго тапшырылсын.

 

Төрага

Р.Базаркулов