Редакцияот 16.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА –БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы

2019-жылдын 16-октябры №21/1

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына социалдык кызмат кɵрсɵтүүлɵр боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишими жөнүндө

Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өмөтʏнө мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана каржылык , негиздерин ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 20-беренесинин 2-пунктуна жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык Талаа –Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кочкор райондук Эмгек жана социалдык ɵнүгүү башкармалыгы тарабынан Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө социалдык кызмат кɵрсɵтүүлɵр боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин

2. Талаа-Булак айыл аймагында социалдык кызмат кɵрсɵтүүлɵр боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды тийиштүү түрдө аткарылышын уюштурууну жана көзөмөлдөɵнү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

 

Төрага

Р.Эсекеев