Редакцияот 18.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 18-июлу №120 / ХIX -27

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын чыгымын жана насыяларды жылдырууну бекитүү жөнүндө

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы О.Г. Котлярованын “Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-жарым жылдыгындагы чыгымдарды бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап. 2019 жылдын 1-жарым жылдыгында айыл өкмөт башчысынын атына уюмдардан, айыл аймагынын калкынан каттар түшүп, календардагы кызыл даталарды белгилөө иш чаралары өткөрүлгөн. Өткөрүлгөн бардык иш чараларга акча каражаты бөлүнгөн. Көпчүлүк иш чараларга 2019-жылдын бюджетин бекитээрде каралса, айрымдарына каралган эмес. Айыл өкмөтү 2019-жылдын 1-жарымына акча каражатын бекитүүнү сунуштайт.

АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын акча каражаты бекитилсин:

8-мартты белгилөөгө 67700 сом

- курултайды өткөрүүгө - 20000 сом

- «НООРУЗ» майрамын өткөрүүгө -75000 сом

-канцелярдык товарларын алууга 120290 сом

- Ооган согушунун ардагерлерине арналган иш чарага өткөрүүгө- 15400 сом

- материалдык жардамга -22000 сом

-жемиш бактарын алып, ишембиликтерди өткөрүү - 52039 сом

-Киров орто мектебинде семинар өткөрүү үчүн -6000 сом.

-аппарат кызматкерлерин окутууга- 6500 сом

-энелер күнүнө 39000 сом

-балдарды коргоо күнүнө - 34000 сом

- мектеп, бала бакча, китепкана, айыл өкмөттүн аппараты үчүн мезгилдүү басылмага жазылуу- 74801 сом

- аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдүн балдарына жайкы лагерлерди уюштуруу - 57000 сом

- сйт түзүү үчүн – 12000 сом

- типографиялык картаны түзүү үчүн- 21293 сом

- электр плитасы үчүн- 61500 сом

- компютьерлерди алуу үчүн – 473955 сом

- юристин кызматы үчүн -30000 сом

- 9-Май Жеңиш майрамын өткөрүү- 6000 сом

- Ийри мүйүздүү бодо мал үчүн керектелүүчү ветеринардык станок үчүн - 128500 сом

2. Насыяларды жылдыруу жүргүзүлсүн (жобосу тиркелет)

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана каржы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Суваналиев