Редакцияот 17.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төлөйкөн айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2018-жылдын 17-октябры №4-18

Дыйкан-Кыштак айылынын тургундарынын 22.09.2018-жылдагы элдик жыйынын протоколун кароо жөнүндө

 Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Дыйкан-Кыштак айылынын көчөлөрүнүн бирине Касымалиев Эмилбектин атын ыйгарып берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дыйкан-Кыштак айылынын көчөлөрүнүн бирине Касымалиев Эмилбектин аты ыйгарылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Х. Сулаймановго жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу:

К. Турдиев.

 

Катчысы:

Х. Сулайманов.