Редакцияот 16.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ничке-Сай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

 

2019-жылдын 16-июлу №111

А.Шабданов, М.Жунусалиев атындагы мектептеринде окуу-тарбиялык иштеринин жүрүшү, сапаты жөнүндө

Ничке-Сай айыл аймагынданы №40 А.Шабданов жана №39 М.Жунусалиева атындагы орто мектептеринде окуу-тарбиялык иштеринин жүрүшүнүн сапаты жөнүндө тиешелүү туруктуу комиссиянын төрайымы А.Талипованын маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ничке-Сай айыл аймагындагы №40 А.Шабданов жана №39 М.Жунусалиев атындагы орто мектептеринде окуу-тарбиялык иштеринин жүрүшүнүн сапаты боюнча 2019-жылдын алты айлык жыйынтыгында жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн расмий www.nichke-say.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Ничке-Сай айылдык кеңешинин төрагасы:

Т. Эрмекбаев