Редакцияот 12.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы

 

2019- жылдын 12-ноябры №20/6

Эмгек ардагери, Кербен шаардык Кеӊешинин бир нече жолку депутаты Таштанов Шүкүр Жумановичтин ысмын № 52 Мамай негизги билим берүүмектебине ыйгаруу жөнүндө

Аксы райондук билим бөлүмүнүн 22.10.2019-жылдагы № 01-16/764 кайрылуусун жана Кербен шаарынын мэринин 17.10.2019-жылдагы № 3-34/637, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 22.10.2019-жылдагы № 41 токтомдорун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кербен шаарындагы № 52 Мамай жалпы негизги билим берүүчү мектебине эмгек ардагери Таштанов Шүкүр Жумановичтин ысмы берилсин жана ал “Таштанов Шүкүр Жуманович атындагы № 52 Мамай жалпы негизги билим берүү мектеби”, деп аталсын.

2. Таштанов Шүкүр Жуманович атындагы № 52 Мамай жалпы негизги билим берүүчү мектебинин мөөрүн жана аталышын кайрадан жасатып жаздыруу иштери аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.

3.  Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы:

Н. Шадыбеков