Редакцияот 02.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XXII сессиясы

 

2019-жылдын 2-октябры № 102

Сүлүктү шаардык мамлекеттик салык кызматынын бюджетти толтуруу боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык мамлекеттик салык кызматынын бюджетти толтуруу боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө Сүлүктү шаардык мамлекеттик салык кызматынын кирешелерди эсептөө жана салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы О.Кучаровдун, Сүлүктү шаардык кенешинин бюджет, экономика жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаардык мамлекеттик салык кызматынын бюджетти толтуруу боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө Сүлүктү шаардык мамлекеттик салык кызматынын кирешелерди эсептөө жана салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы О.Кучаровдун маалыматы кабыл алынсын

2. Сүлүктү шаардык мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү бюджетке түшүрүлүүчү салыктарды, жыйымдарды өз убагында түшүрүү боюнча жакшы иштер аткарылгандыгы белгиленсин

3. Сүлүктү шаардык мамлекеттик салык кызматынын башчысы М.Сагинбаевге шаардын аймагындагы мекеме ишканалардан жергиликтүү салык төлөмдөрүн жана салык эмес жыйымдарын өз учурунда жыйноо, салык төлөмдөрүн жана салык эмес жыйымдарды төлөбөгөн мекеме ишканаларга мыйзам ченеминде чара көрүү жагы сунушталсын

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын мэри Р.Абдыназаровго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

К. Исмаилов