Редакцияот 01.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК САЙ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы

 

2019-жылдын 1-ноябры №30

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн төмөнкү беренесиндеги акча каражаты, төмөнкүдөй болуп аппарат бөлүмүнүн 221-беренесине жылдырылып берилсин.

2. Аппарат бөлүмүнүн 222-беренесинен, аппарат бөлүмүнүн 221-беренесине 78,9мин сом акча каражаты жылдырылып берилсин.

3. Киргизилген бюджеттик өзгөртүүлөрдү өз убагында аткарууга алуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Каттабековго милдеттендирилсин.

4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы:

А. Талиев