Редакцияот 18.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көтөрмө  айылдык кеңешинин кезексиз  VI чакырылыш ХХIV сессиясы

 

2019-жылдын 18-октябры №24/8

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарлыгы менен чек арада жайгашкан айыл статусун алган Ак-Кыя айылындагы  чек ара постуна колдоо көрсөтүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарлыгы менен чек арада жайгашкан айыл статусун алган Ак-Кыя айылындагы  чек ара постуна колдоо көрсөтүү максатында каражат бөлүнсүн.

2. Кетүүчү каражатты аныктап каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тажибаевага жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга  тапшырылсын.

 

Көтөрмө айыл аймагынын айыл Кеңешинин төрагасы:

Айтмат уулу Акжол