Редакцияот 25.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезектеги VI cессиясынын

 

2019-жылдын 25-сентябры №26

 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү келишимди бекитүү жөнүндө

Баткен райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Самаркандек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимди бекитүү максатында Самаркандек айылдык кеңешинин кезектеги VI cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Самаркандек айыл аймагынын айыл өкмөтү менен Баткен райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосунда түзулгөн келишим бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн айыл өкмөтүнөн штаттык тизмесинен 1 штат башкы адис бирдиги бөлүнсүн.

3. Өткөрүлүп берилүүчү айрым ыйгарым укукттарды ишке ашырууга кеткен чыгымдарды Республикалык бюджеттен бөлүнүүчү трансферттердин эсебинен каржылана тургандыгы белгиленсин

 

Сессиянын төрагасы:

М. Туллаев