Редакцияот 05.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК МУЗ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын XXXX-сессиясы

 

2019-жылдын 5-августу №40 /1

Ак-Муз айылынын “Бороонду” участкасындагы жайыт жер аянтынан таза суу трассасын тартууга макулдук берүү жөнүндө

Ак-Муз айылынын “Бороонду” участкасындагы жайыт жер аянтынан таза суу трассасын тартууга макулдук берүү үчүн , Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айылынын “Бороонду” участкасындагы жайыт жер аянтынан таза суу трассасын тартууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak- muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке милдеттендирилсин.

 

Төрага:

У. Мокешов