Редакцияот 26.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

СЫН ТАШ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

СЫН-ТАШ АЙЫЛ КЕНЕШИНИН 14-СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын  26-июлу №43/14-27

Сын-Таш айыл аймагындагы Рот-Фронт айылында жайгашкан Динара Мамашева атындагы орто мектептин жылытуу системаларын толугу менен которуу жөнүндө

Динара Мамашева атындагы орто мектептин директору О.Ы.Момуновдун мектептин жылытуу системаларын толугу менен которуу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Сын-Таш айыл Кеңеши

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

1.Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгына байланыштуу, Рот-Фронт айылында жайгашкан Динара Мамашева атындагы орто мектептин жылытуу системаларын толугу менен которуу жөнүндө Чүй өнүктүрүү фондусуна кайрылуу Сын-Таш айыл айыл өкмөтү тарабынан жасалсын.

2.Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым 50,0 миң сом аныкталсын.

3.Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Байбековго жүктөлсүн.

 

Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы:

З.М.Аширбаев