Редакцияот 18.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАШ КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2019 жылдын 18-ноябры №5/1

Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Чыпай Асеков атындагы орто мектебинин терезе-эшиктерин алмаштыруу боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө

Баш-Кайыңды айылындагы Чыпай Асеков атындагы орто мектебинин терезе- эшиктерин алмаштыруу боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Чыпай Асеков атындагы орто мектебинин терезе - эшиктерин алмаштыруу боюнча кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Баш-Кайыңды айылындагы Чыпай Асеков атындагы орто мектебинин терезе- эшиктерин алмаштыруу боюнча республикалык дем берүүчү грантка сунушталган долбоордун өздүк салымын 207789 (эки жүз жети миң жети жүз сексен тогуз) сомун жергиликтүү бюджеттин келерки 2020-жылдын бюжеттен сурап бекитүү жагы каралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Баш - Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.

 

Төрага:

Ж. Асеков