Загрузка документа…
КӨК ТАШ Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры №2
А.Жумабаев атындагы орто мектебинин алдындагы балдар жатак үйүн жана А.Артыкбаев атындагы маданият үйүн оңдоп-түзөөдө зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизинде, аткарылган жумуштарга кошумча каражат кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.А.Жумабаев атындагы орто мектебинин алдындагы балдар жатак үйүн жана А.Артыкбаев атындагы маданият үйүн оңдоп-түзөөдө зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизинде, “Аманбай-Бизнесстрой” ЖЧК тарабынан аткарылган жумуштарга кошумча каражат кароого макулдук берилсин.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине жана Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |
|