Редакцияот 29.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТӨРТ КӨЛ Айылдык КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Төрт-Көл айылдык кеңешинин VI –шайланган депутаттардынкезектеги сессиясы

 

2019-жылдын 29 марты №29/1

Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Бостон айылынын жаңы конушунун көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө

Төрт-Көлайыл өкмөтүнө караштуу Бостон айылынын жаңы конушунун жашоочуларынын көчөгө ат коюуу боюнча элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Бостон айылынын жаңы конушунун биринчи көчөсүнө Семетеев Исираилдин ысымы ыйгарылсын.

2.Көчөгө демөөрчүлүк көрсөтүү жагы Семетеев Исираилдин үй бүлөөсүнө сунушталсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенештин айыл чарба, өнөр жай, курулуш, жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы:

С. Ахмедов