Редакцияот 20.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2019-жылдын 20-августу №124-27

Долбоорлор жөнүндө

Айыл аймагынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү жана чечүү көйгөйлөрү жөнүндө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Т.Кариповдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтотунун негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду каржылаган конкурска катышууга төмөнкү долбоорлор бекитилсин:

- “Тумар” бала бакчасынын аймагына резина жабуусун төшөө - 2722,819 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен - 687,279 миң сом, республикалык бюджеттен - 1905,973 миң сом;

- “Бөбөк” бала бакчасынын аймагына резина жабуусун төшөө - 2290,930 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен - 816,846 миң сом, республикалык бюджеттен - 1603,651 миң сом;

- “Жомок” мектепке чейинки билим берүү уюмунун балдар аянтчалары үчүн резина жабуусун төшөө - 4576,127 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен - 1372,838 миң сом, республикалык бюджеттен - 3203,289 миң сом.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонддон дем берүүчү гранттарды алууга долбоордук табыштамалардын конкурсуна документтерди даярдасын жана жөнөтсүн, ошондой эле 2020-жылга карата бюджетти түзүүдө эске алсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Филимоненко