Редакцияот 06.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2018-жылдын. 06-августу.№80-27

Шайлоочулардын чогулуштарынын протоколдорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Аламүдүн айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө шайлоочулардын чогулуштарынын протоколдорун угуп жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Аламүдүн айыл аймагынын №7178, №7179, №7180, №7181, №7182 участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервге талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө шайлоочулардын чогулуштарынын протоколдору бекитилсин жана жөнөтүлсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Филимоненко