Редакцияот 21.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХVII СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 21-ноябры №2

Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын атайын каражатына кошумча план бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын атайын каражатына кошумча 30,0 миң (отуз миң ) сом план бекитилсин жана планга киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.

2. Бекитилген атайын каражатты толтуруу жана максаттуу пайдалануу жагы Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын директору тарабынан аткарууга алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Ж. Ботоканов