Редакцияот 28.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги VIII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

 

2020 жылдын 28-майы № 1

Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн 2020-жылга карата түзүлгɵн бюджетинин чыгаша бɵлүгүнɵ ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” Мыйзамынын 31-беренесинин,Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1.Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн кеңсесин капиталдык ремонттон чыгаруу, №75 М.Жаманкулов орто мектебинин ПРООНдон каржыланып жаткан ашканасынын ремонттуна ɵздүк салым үчүн жана жайыт комитетине айыл ɵкмɵтүнүн жумуштарын аткаргандыгы үчүн тɵлɵп берүүгɵ Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн 2020-жылга карата түзүлгɵн бюджетинин чыгаша бɵлүгүнɵ 1512,0 миң.сомдук ɵзгɵртүүлүр киргизилсин.

2. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 106 буйругу аткарууга алынсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)

4. Ушул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Т.Жумаев)

 

Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин тɵрагасы:

 

Н.А.Калматов.