Редакцияот 09.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХV заседаниясы

 

2020-жылдын 9-марты № 35/5

Жошолу айыл өкмөтүнүн кулуну Шабданов Улан Турдалиевичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө

Жошолу айыл өкмөтүнүн кулуну Шабданов Улан Турдалиевичке айыл өкмөттүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Коммунизм айылынын 2020-жылдын 4-мартындагы элдик жыйынынын № 04 протоколунун негизинде Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХХV заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коммунизм айылынын 2020-жылдын 4-мартындагы элдик жыйынынын № 04 протоколунун, айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык деңгээлин, айылдын инфраструктурасын көтөрүүгө кошкон салымы үчүн Жошолу айыл өкмөтүнүн кулуну Шабданов Улан Турдалиевичке Жошолу айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу » наамы берилсин. ( 04.03.2020-ж. Коммунизм айылынын элдик жыйынынын № 04 протоколу тиркелет).

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                                                                                                                                                                З . Боронов.