Редакцияот 21.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ленин айылдык Кеңешинин VI шайланган кезектеги XХVI отуруму

 

2019-жылдын 21-декабры № 26/3

Ленин айылдык кеңешинин 2020-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Ленин айылдык кеңешинин 2020-жылга иш-планын бекитүү боюнча Ленин айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары С.Мамыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ленин айылдык Кеңешинин 2020-жылга иш-планы бекитилсин.

2. Ленин айылдык Кеңешинин 2020-жыл үчүн түзүлгөн иш-планынын аткарылышын өзүмдүн көзөмөлүмдө калтырамын.

 

Төрага

Б.Арынбаев

 

Ленин айылдык Кенешинин  2019-жылдын  21-декабрдагы

 №26/3 токтому менен бекитилген

Ленин айылдык Кенешинин 2020-жыл үчүн түзүлгөн

ИШ-ПЛАНЫ.

№

Аткарыла турган иш-пландардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким даярдайт

Ким отчет берет

1

 2018-2019-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн  социалдык-экономикалык  өнүгүү пландарынын  аткарылышы.Социалдык-экономикалык  өнүгүү планынын 2020-жылга бекитүү жана 2021-2022-жылга болжолдуу пландарын бекитүү.

1-кв

Бюджет боюнча туруктуу комиссия

Айыл өкмөт башчы

2

Ленин айыл өкмөтүнүн  2018-жылдын бюджетинин  аткарылышы

2020-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2019-жылдын бюджети боюнча маалымат, 2020-жылдын бюджетин жана 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу планын  бекитүү жөнүндө

1-кв

Бюджет боюнча туруктуу комиссия

Айыл өкмөт башчы.

3

Ленин айылдык Кенешинин 2020-жылга карата иш планын бекитүү.

1-кв

Бюджет боюнча туруктуу комиссия

С.Мамыров

4

Ар түрдүү  маселелер

1-кв

Жооптуу катчы

 

5

Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду ,Мурдаш,Күн-Элек ,Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө.

11-кв

Айыл чарба жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссия.

 Жайыт комитети

6

Жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүү жөнүндө.

11-кв

Айыл чарба жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча комиссия

 Айыл өкмөт башчысы,

айыл  башчылар

7

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын  саламаттыгын сактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин абалы жөнүндө.

111-кв

Социалдык.жаштар саясаты,маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия

 Айыл өкмөтү

УДТ кызматкерлери.

8

Айыл өкмөтүндөгү вет.сервистердин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

1V-кв

Социалдык.жаштар саясаты,маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия

 Вет

инспекторлор.

Жайыт комитетинин төрайымы:                                                                                                                                      А .Жунусмаматова