Редакцияот 15.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы

 

2019 жылдын 15-августу №4

Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги ат майданын (ипподром) салуу үчүнкайра бөлүштүрүү фондунун кайрак айдоо жер аянтын трасформациялоо жөнүндөгү №54 12.08.2019-жылдагы токтому жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылы деген жарлыгына ылайык аймактарды өнүктүрүү максатындад Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калдай айылынын Орто Кызыл бөлүмүндөгү №102-контурунда жайгашкан кайрак айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун 4 (төрт)га. Жер аянтына муниципалдык менчиктеги заманбап ат майданыны куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн №54 12.08.2019-жылдагытоктомун кароо максактында Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калдай айылынын Орто Кызыл бөлүмүндөгү №102- контурдагы жайгаш кайрак айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фонунун 4 (төрт)га. Жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү №54 12.08.2019-жылдагы токтому жактырылсын.

2. Аталган жер аянтына тиешелүү болгон иш кагаздарынын мыйзамдуу жактарын кароо жана Ноокат районунун кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жана Ноокат райондук шаар курулуш жана арихитектура боюнча башкармалыгынын документтерин даярдоо Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүнү башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Мурзаматов